Бакиевдердин доору аяктагандан кийинки жылдары жылдызы жанган Бактыгүл Жээнбаеваны президент Сооронбай Жээнбеков кеңешчи кылып дайындады. Жээнбаева 2011-2015-жылдары Кыргызстандын Улуттук банкынын төрайымы болгон. 2015-2016-жылдары «Мамлекеттик ипотекалык компаниясы» ААКсынын башкармалыгынын башчысы болгон. Андан соң «Айыл банкта» жетекчи кызматын аркалаган. Финансы, банк системасында чоң тажрыйбасы бар. Айтмакчы, Бакиевдерге тиешелүү бир катар банктардын башка колдорго өткөнү боюнча чырлуу иштерде коомго аты угулган.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ