Кыргыз өкмөтү алтын кен иштетүүчү канадалык “Центерра голд” компаниясы менен түзүлгөн келишимдин шарттарын кайрадан карап чыгууга ниеттенүүдө. Бул тууралуу парламенттин отурумунда өлкөнүн премьер-министри Мухадммедкалый Абылгазиев билдирди.
Анын айтымында, мурдагы “Кумтөр” боюнча келишим учурдагы министрлер кабинетин канааттандырбайт. Өкмөт өлкөгө пайда алып келүүчү дивиденддердин, социалдык салымдардын жана экологиялык төлөмдөрдүн көлөмдөрүн көбөйтүүнү көздөйт.
“Биз мурдагы келишимге макул эмеспиз. Андагы стратегиялык келишимде биздин кызыкчылыктар жакшы корголгон эмес деп эсептейбиз. Ачыгын айтканда, биз социалдык кызматташуу жана экология маселеси боюнча төлөй турган каражаттын көбөйтүлүшүн талап кылабыз”, – деди премьер-министр.
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ