Menu

Бакен Досалиева, «Аялдарды колдоо борбору» коомдук бирикмесинин директору: “Жаңы конуштарда аз камсыз болгон үй-бүлөлөр арбын”

Бөлүшүү:

«Аялдарды колдоо борбору” Коомдук бирикмеси  борбор калаабыздын айланасында жайгашкан   жаңы конуштардын башын кошуп, иш-чараларды жыйынтыктоо иретинде тегерек үстөл өткөрдү. Аталган иш-чарада ал конуштардын көйгөйлөрү талкууланып,  орчундуу көп маселелер козголду. Биз бүгүн «Аялдарды колдоо борбору” Коомдук бирикмесинин    аткаруучу директору Бакен ДОСАЛИЕВА эжеге суроо узаттык.

–Бүгүнкү болуп аткан иш-чарага Бишкек шаарындагы 10 жаңы конушунда ишке ашкан долбоордун жыйнтыктары жана конуштардагы  эң орчундуу көйгөйлөр талкууланыптыр. Бул тууралуу өз оозуңуздан уксак?

— БУУнун Наркотик жана Кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын колдоосу алдында ишке ашырылып жаткан иш-чараларды жыйынтыктоо үчүн  тегерек стол өткөрдүк. Бул долбоордо Бишкек шаарындагы Энесай, Ак-Бата, Бакай-Ата, Ак-Тилек, Калыс-Ордо, Ак-Ордо, Рухий-Мурас, Мурас-Ордо, Жеңиш жана Көлмө жаңы коңуштарынын аялдар кеңешинин жана коомдук алдын алуу борборлорунун дараметин көтөрүү, колдоо көйгөйлөрүн чечүү маселеси көтөрүлдү. Мында биз коомдук алдын-алуу борбору жана аялдар кеңеши кандай иштеп жатат деп изилдөө жүргүздүк.  2006-2007-жылдары коомдук алдын алуу борбору Ички иштер министрлигинин участкалык инспекторуна жардам катары түзүлгөн экен.    Кийинки учурда 2018-жылы биз изилдөө жүргүзгөнгө чейин бул коомдук институттар кагаз жүзүндө гана калышкан. Анда санда гана ички иштер министрлиги же Мэрия тарабынан отчет катары статистикалык маалыматтар суралса  аксакалдар сотунун иш-чаралары менен гана кутулуп коюшкан.

–Учурда жаңы конуштарда жакшы иш-чаралар өтүп турат экен.  Материалдык каражатты кайдан табышат?

–Жаңы конуштардагы көйгөйлөрдү чечүүгө анчалык деле көп каражат талап кылынбайт. Биз долбоордун алкагында бир эки иш-чарага көмөк көрсөттүк. Жеңил, аз каражат талап кыла турган иш-чараларды өткөрүүгө жардам бердик. Андан кийинкилерин өздөрү эле иш жакшы иштерди жүргүзүп келишет. Баннер уюштуруш керек болуп, техника зарыл болуп калса биз да мектеп да колдоо көрсөтөт.

Дордой-1, Дордой-2, Калыс-Ордо деген жаңы конуштар  “Дордойдун” адмнистрациясына, бирин -экин бизнесмендерге кайрылып анча-мынча жардамдарды алышат. Алган жардамдары 15-20миң сом болсо дагы бир топ иш-чара өткөрүүгө жарап калат. Мектепте наркомания, эрте нике боюнча мыйзам боюнча маалымат кампаниялары болсо колдоно турган техниканы биз деле бере алабыз.

–Жаңы конуштардын жашоо деңгээлине  кандай баа бересиз?

–Жакшы жашоого аракет кылып жатышат. Жакшы жашагандар дагы бар. Өтө начар жашагандар дагы бар. Жаңы конуштар шаардын көркүнө көрк кошуп, маданиятуу деңгээлдеги коомчулук болушуна али көп убакыт бар деп ойлойм.

Биздин Бишкек шаарынын жаңы конуштарында көп эле көйгөйлөр бар. Өзгөчө үй-бүлөгө, балдарга карата болгон зордук-зомбулук абдан курч. Негизинен жолдоруна асфалть төшөлүп, суу түтүктөрү чыгып, канализация, газ кире баштагына алар кубанычта. Бирок бала бакча, мектептердеги орундардын жетишсиздиги аялдарга иш орундарын түзүү курч абалда турат

–Кандай коопсуздуктар бар?

–Экстремисстик кыймылдар бар.Наркомания, таксикомания деген бар. Мигранттардын балдары боюнча да көйгөйлүү маселелер бар. Аялдардын, кыздардын жумуш менен камсыз болуусу дагы көйгөйдү жаратат. Аз камсыз болгон үй-бүлөлөр да абдан көп. Көбүнчө аз камсыз болгон үй-бүлөлөр материалдык жактан жабыркап, уруш-талаш жаралат экен.

Азыр коопсуздук маселеси көтөрүлүп жаткандыктан ага көңүл буруп, аялдар өз конушунда өздөрүнө өздөрү жардам берүү мүмкүнчүлүгү пайда болду.Ошол иш-чараладын натыйжасын көрүп, өздөрү сүйүнүп, элдин аң-сезими оңолуп, арак ичкендер арагын таштап, балдары менен келишпестиги барлар балдары менен ынтымактуу болуп калды.

Мындай натыйжалардан кийин аз эле акчага жакшы иш-чараларды өткөрүүгө чын ниеттеринен кызыгуулары артып калды.

Жамила Таштанбекова, журналист

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 22 − 20 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: