Чүй облусунун тургуну милиция бөлүмүнө арыз менен кайрылып, 29-апрель күнү шаардык базарлардын биринен арыздануучу М.Анын жашы жете элек кызынын сумкасынан 10 000 сомдук “Самсунг” үлгүсүндөгү уюлдук телефонун уурдап кеткенин билдирген. Бул туурасында Бишкек шаарынын ИИББнин Басма сөз кызматы маалымдайт.
Биринчи май райондук ИИБнин кылмыш иликтөө кызматкерлери жана ИИМдин Академиясынын курсанты тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш аракеттеринин натыйжасында кылмышка шектүү катары 37 жаштагы С.А. аттуу жаран кармалган. Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш жаза кодексинин 164-беренеси (уурдоо) менен кылмыш иши козголуп, Кыргыз Республикасынын жазык процессуалдык кодексинин 94-беренсинин негизинде кармалган жаран Бишкек ШИИББнин убактылуу кармоочу жайына камалган. Тергөө амалдары уланууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ