Кечээ, 6-март күнү Нарын облусунун аймагындагы мечиттерде, жума намазына келген жарандарга коронавирус тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Муфтият берген тапшырмага ылайык Нарын облустук казыяты тарабынан хатибият, мечит, медресе жана окуу борборлору менен биргеликте жума намаздарында, сабактарда жана ошондой эле жыйындарда коронавирустун алдын алуу жолдорун элге түшүндүрүү боюнча тапшырмалар берилди.
Муну менен катар облус аймагындагы бардык мечиттерди таза кармоо, жайнамаздарды дезинфекциялоо жана калкка дайыма түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ