Menu

ИИМ: Кыргыз Республикасынын аймагында абал туруктуу жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан толук көзөмөлдөнүп жатат

Бөлүшүү:

КР аймагында абал туруктуу жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан толук көзөмөлдөнүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 14-октябрда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, өлкөдө түзүлгөн кырдаалга жана Бишкек шаарынын аймагында киргизилген өзгөчө абал шартында ички иштер органдарынын кызматкерлери башка укук коргоо органдары менен бирге кылмыштарды аныктоо, бөгөт коюу жана бетин ачуу боюнча иштерди жүргүзүүдө.

Республика боюнча 2020-жылдын 13-октябрына карата Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 346 кылмыш менен жоруктар катталган. Анын ичинен 196 кылмыш, 150 жоруктар. Кылмыштарды жана жоруктарды тыкыр иликтөө үчүн тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Ыктыялдуу элдик кошундар республиканын бардык аймактарында түзүлүүдө.

Республика боюнча 10 миңге жакын ыктыярдуу элдик кошундар тартылып, коомдук тартипти сактоону камсыздоо жана жарандарды коргоо үчүн укук коргоо органдарына жардам берүүдө.

Өлкөдө ыкчам кырдаал көзөмөлдө жана укук коргоо органдарынын көзөмөлүндө.

Ички иштер министрлиги Бишкек шаарында киргизилген Өзгөчө абал менен коменданттык сааттын талаптарын аткарууга чакырат. Ушуга байланыштуу, бекитилген эрежелерге жана чектөөлөргө түшүнүү менен кабыл алууну, ички иштер органдарынын мыйзамдуу талаптарына баш ийүүнү суранат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 34 = 38

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: