Menu

Каныбек Иманалиев: “Иса Шейшенкулович, сиз элди Акаевчи, Бакиевчи деп бөлөсүз, эгер мен Акаевчи болсом сиз эки эсе Акаевчи болосуз! Акаевдин астында сиз 8 жыл мен 4 жыл иштегем”

Бөлүшүү:

“Жазуучу бар Брехт деген, ошонун айтканы бар “Когда не может нападать на мысли человека, нападают на самого человека” деп. Иса Өмүркулов менин аргументтериме контраргументтерин айткандын ордуна бөлөк сөзгө өтүп кетти, 10 жыл мурунку. Ооба, биринчи Текебаев боюнча айттыңыз, 2007-жылы Тайыр Сарпашов экөөбүз “Туран” партиясынан барып, Текебаев менен дебатка чыкканбыз. Текебаев менен азыр да дебатка чыгам. Жума күнү “Ата-Мекен” фракциясынын жыйынына келиңиз, анын аргументтерине күчтүү болсо мен ага ишенем, а эгер менин аргументтерим күчтүү болсо ал мага ишенет. Анан ушул бүгүн сиз айта турган сөз беле?”, – деп жооп берди  кечээ, 2-ноябрда атамекенчи депутат Каныбек Иманалиев ага асылган Иса Өмүркуловго жооп берип жатып.

“Садыркуловду минтип койдуңуз, Текебаевди тигинтип койдуңуз деп сиз майдаланбашыңыз керек эле. Мен өзүңүзгө жараша майдалап жооп берейин. Садыркуловдун соту болуп жатканда, Бакиевдер биринчи аны соттошкон, Первомайский райондук сотко эки эле депутат барды, Гаипкулов анан мен.  Иса Шейшенкулович, сиз барган эмессиз. Садыркулов сотто баарын жеңип чыгып Бакиевдин жанына келди. Биз бир жыл мамилебиз үзүлүп калды. Садыркулов жумуштан кетип көчөдө калганда биринчи менин офисиме келген. Эми өлүмү жөнүндө айттыңыз, Жалгасованы сиз жакшы билесиз, Садыркуловдун кеңешчиси болгон. Азыр өкмөттө иштейт. Саатынан бери айтайын, 2009-жылы 13-март күнү саат 11де уктум, саат 2де моргдо 3 депутат Чолпон Абдуллаева, Галина Куликова жана Эрнест Акрамовдор менен бирге болдум. Мен депутат эмес элем, мен көчөдө калган киши элем. Саат 4ттө ошондо көчөдө жүргөн Кеңешбек Дүйшөбаев менен Мелис Турганбаевди Эркиндик/Токтогулада чогултуп, көз карандысыз комиссия түзүп, иликтөө жүргүзөбүз деп айткан мен элем. Азыр экөөсү тең тирүү турат. Ошонун негизинде кийин Мелис Турганбаев таап чыкты, ошондо копиясын алып койгон экен. Саат 6да Темир Сариевдин офисине барып, ал жерде Исмаил Исаков да келген, мен Кайрылуу жазган элем. Аны билбейсизби, анда айтып кереги жок эле”, – деди  Каныбек Иманалиев.

“Талкууланган конституция маселеси боюнча Иса Шейшенкулович, сизге жигитчилик деген сөз катуу тийсе анда адамгерчилик деп айтайын…. Сиз элдин баарын Акаевчи, Бакиевчи деп бөлүп жатасыз, мен Акаевчи болсом Иса Шейшенкулович сиз эки эсе Акаевчисиз! Мен Акаев менен 4 жыл иштесем, сиз Акаевдин астында 8 жыл иштеген экенсиз. Бирөөнү сындаарда өзүбүздүн биографияны карап коёлучу. СДПКнын ичиндеги депутаттарды айтпай эле койгонум жакшы… Мен элге кайрылгым келет, эмдиги, 2017-жылы президенттик шайлоо болот. Ошол жака чыкчу күлүктөр ушул жерден чыгат. Кыргызды кечээ Акаевчи деп, бүгүн Бакиевчи деп бөлсө, эртең Атамбаевчи деп силерди бөлүп таштайт”, – деди Каныбек Иманалиев.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: