Бир жума ичинде жүргүзгөн рейдде 9339 жол эрежесин бузуу фактысы катталды. Бул тууралуу Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдирди.
Алардын маалыматына караганда, 9339 жол эрежесин бузуу фактысынын ичинен 114ү – мас болуп машине айдагандар, 84ү терезесин караңгылаткандар, 12и жасалма номер тагып алгандар, 1123 айдоочу жол белгилерин сактабагандар. 1342си белгиленген ылдамдыктан катуу айдаган жана 6664 айдоочу ар кандай жол эрежелерин бузган.
Административдик кодекске ылайык, азыр мас айдоочуларга 17 500 сом айып салынат.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ