Menu

Элчи Ибрагим Жунусов “Artel” компаниясынын башкы директору менен жолугушту

Бөлүшүү:

Бүгүн, 5-декабрь күнү Ташкент ш. Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ибрагим Жунусов «Artel» компаниясынын Башкы директору Дильмурад Гаипов менен жолугушту. Бул тууралуу Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар жогорку деңгээлдеги иш сапарлардын алкагында кол коюлган 10 млн. АКШ доллар жалпы суммасындагы инвестициялык проектилердин, тактап айтканда, 2018-жылы Ош облусунда жүзөөгө ашырылган 1 млн. АКШ доллар суммасындагы «IMZO» брендинин алдындагы терезелердин жана эшиктердин өндүрүшү, 1 млн. АКШ доллар суммасындагы «Artel» брендинин алдындагы кир жуугуч машиналарды чогултуу проектилери, жана Кыргызстанда жүзөөгө ашырууга пландаштырылган 5 млн. АКШ доллар суммасындагы «MEDIAPARK» соода- оюн зоок борборун, 3 млн. АКШ доллар суммасындагы «Artel Technical School» мамлекеттик эмес мекеменин филиалын ачуу эки проектилеринин аткарылышы жөнүндөгү маалыматтар менен алмашышты.

Андан сырткары, жолугушууда мындан кийинки кызматташуунун келечеги жөнүндөгү маселелер талкууланды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 70 + = 74

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: