“Мыйзамдагы ууру” Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобуна кирген “”Лимонти” – Алмаз Сулаймановдун абактагы камерасы” деп кечээ социалдык тармактарда тараган видеотасмага бүгүн, 18-апрелде КР Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы комментарий берди.
ЖАМКнын маалыматына ылайык, ал видеотасмадагы камера N1- абакта жаза өтөп жаткандардын туугандары менен жолуга турган бөлмөсү.
Ал эми кримтөбөл “Лимонти” – Алмаз Сулайманов азыр N16-абакта жазасын өтөөдө.
Видеотасманы КР ЖАМКнын басма сөз кызматы таратты
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ