Таш-Көмүрдө кароосуз калган карылар көзөмөлгө алынды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.
Абанын температурасы төмөндөп, суук түшкөн мезгилде туруктуу жашаган жери жок атуулдардын өлүмүнө жана кылмыштуулукка бөгөт коюу максатында Таш-Көмүр ШИИБи тарабынан «Көчө» аталышындагы алдын алуу иш-чарасы өткөрүлдү. Рейддин жүрүшүндө көптөгөн аймактар текшерүүгө алынды:
– Паспорттук эреженин сакталышын көзөмөлдөөдө 1569 атуулду камтыган 357 кожолук текшерилди;
– Каттоодо турган психикалык жактан оорулуу 5 атуул текшерилип, бирөө Кызыл-Жар шаарчасында жайгашкан Республикалык психиатриялык ооруканага жаткырылды;
– Каттоодо турган 146 атуул текшерилип, эмне жумуш менен алектенип жаткандыгы боюнча түшүнүк каттары алынды;
– Эркинен ажыратылуучу жайынан жаңы бошонуп келген 2, шарттуу соттолгон 2 жана спирт ичимдигин көп ичкен 5 атуул каттоого алынып, тийиштүү иштер жүргүзүлдү;
– Туруктуу жашаган жери жок 1 атуулга жергиликтүү өз алдынча башкаруу бийлиги тарабынан туруктуу жашаганга 1 батирлүү үй берилип, 2 адам Кызыл-Жар Республикалык психиатриялык ооруканасына жаткырылды;
– Каттоодо турган 97 мергенчинин уруксат кагаздары, ок атуучу куралдарды сактоочу бөлмөлөрү, сейфтери текшерилип, 16 адамга эскертүү берилди;
– Оор жана өзгөчө оор кылмыштар боюнча издөөдө жүргөн адамдардын кайда жүргөндүгүн аныктоо максатында жашаган жерлеринен маалымат алуу үчүн иш-чаралар жүргүзүлдү;
– Коомдук коопсуздукту, кылмыштуулуктун жана ар кандай кырсыктарды болтурбоо максатында түшүндүрүү иштери алып барылды.
Мындан сырткары 7 мейманкана, 4 өзгөчө кайтаруудагы объектилер текшерүүгө алынды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ