Президент Алмазбек Атамбаевге импичмент жарыялоо боюнча документтерди топтоо процесси башталды. Бул тууралуу бүгүн, 22-ноябрдв Бишкекте өткөн пресс-конференцияда Жогорку Кеңештин “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев билдирди.
Ал мамлекет башчы жана анын тегереги бийликти узурпация кылып алганын белгиледи жана оппозицияны “Мегаком” боюнча каралоо жүрүп жатканын айтты.
Текебаевдин айтуусунда, импичментти даярдоо жараяны 2-3 айлык мөөнөттү алышы ыктымал. Тиешелүү кызмат адамдарынан көрсөтмөлөр жана башка документтер чогултулушу керек.
«Президент отставкага кетет. Анын жанында жүргөн адамдар бийликти колдорунда кармап кала албайт, бул анык», -деди саясатчы.
“Ата Мекендин” лидери жарандык активисттерге, бейөкмөт уюмдарга, парламент депутаттарына кайрылып, импичмент жарыялоого жардам колдоо көрсөтүүгө чакырды.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ