Казакстанда 1-февралда “Откровение” аттуу фестивалдын ачылышы болду. Иш чара 13-февралга чейин уланат. Алгачкы төрт күн көрүүчүлөргө Алматы театрларынын оюндары көрсөтүлөт. Андан кийин Москва, Санкт-Петербург, Рига, Еревандын өнөрпоздору спектаклдерин коюшат.
Чет өлкөлүк үч спектакль документалдуу театр багытына кирет. Казакстанда бул анча өнүккөн эмес. Фестивалдын алкагында Орусия, Финляндия, Германия, Польша, Улуу Британиядан келген чеберлер мастер-каласстарды жана лекцияларды өткөрүшөт.
“Откровение” заманбап театрды өнүктүрүү менен алектенген, көз карандысыз долбоорлорду кубаттаган эл аралык аткаруучулардын өнөр фестивалы болуп эсептелет.
Фестиваль өзүн актабайт, бирок анын уюштуруучулары спектакль ар бир көрүүчү үчүн жеткиликтүү болушу керек деген саясатты карманышат. Буга байланыштуу Казакстан театрларынын спектаклдеринин баасы анча жогору эмес. Акыркы эки жылдан бери фестивалга демөөрчүлөр колдоо көрсөтүп келишет.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы“
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ