Menu

Улуттук баалуулуктар модага айланышы керек

Бөлүшүү:

Сочи шаарында өткөн “Великая Россия” фестивалында гран-прини жеңип алган белгилүү педагог жана комузчу Табани Кожоярова жетектеген жаш комузчулардын “Санат” ансамбли бүгүн, 21-июнда Жогорку Кеңешке экскурсияга келишти. Алар депутат, экс-спикер Асылбек Жээнбековдун кабыл алуусунда болушуп, эл өкүлүнүн куттуктоосун угушту. Эске сала кетсек, аталган “Санат” ансамбли А.Жээнбеков спикер болуп турганда ЖК Төрагасынын фондусунун 100 миң сомдук колдоо алып, өткөн 2016-жылы Минск шаарында өткөн “Кубок Европы” сынагында да биринчи орунду алып келишкен эле. Бул туурасында Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы маалымдайт.

Аракет, изденүү – ийгиликке өбөлгө демекчи, талантын таптап, өнөрүн өстүрүп жаткан жаштарыбыз Сочи шаарындагы “Великая Россия” конкурс-фестивалында бир кадам алдыга таштап, гран-прини багындырышты. Бул багытта тынымсыз көргөн даярдыктары, эмгектенген түйшүктүү иштери тууралуу алар депутаттар Т.Икрамов, А.Касымалиева, Ж.Акаев менен болгон жолугушууда да айтып беришти.

Өнөрлүү жаштардын Жогорку Кеңешке келишин камсыздап, аларды парламенттин ишмердүүлүгү менен тааанышууга шарт түзүп берген депутат, ЖК Социалдык маселелер, билим, илим, маданият жана саламаттык сактоо комитетинин төрагасынын орун басары Тазабек Икрамов болду.

Жаштар менен болгон баарлашууда ал, -“Кыргыз эли улуттук музыкалык аспаптары, эне тили менен сыймыктангандан тышкары, көз жоосун алган кооз саймалуу кийимдери менен да мактана алышат. Бул багытта Жогорку Кеңеш улуттук кийимдер күнүн белгилөө демилгесин көтөрүп чыкты”, – деп маалымдады.

Андан тышкары, – “Мектептердин башталгыч класстарында комуз өнөрүн үйрөтүү сабактары окутулса, бул дагы жакшы жыйынтыгын берип, жаштарды мекенди сүйүүгө багыттамак. Патриоттук духун бекемдемек”, – дейт Т.Икрамов.

Жолугушууда депутат Аида Касымалиева кыргыз маданиятын анын ичинде комуз өнөрүн эл аралык аренада тааныштырып жаткан жаштардын жоопкерчилиги жогору болуш керектигин белгилеп, бир гана комуз чертүү менен чектелбей, тарыхты, тилдерди билүү менен илим жолунда да ийгиликтерди жаратууга умтулуу зарылдыгын билдирди.

Депутат Жанар Акаев улуттук баалуулуктарды баалоо башкы милдет экендигин айтып, бул багытта жаштарга өрнөк көрсөтүп жаткан устат – педагогдордун эмгеги жогору экендигин белгиледи.

Жогорку Кеңешке келип, андагы жыйындардын жүрүшү менен таанышкан жаш комузчулардын тобу “Парламент” радиосунун да түз эфиринде болушуп, угармандардын суроолоруна жооп беришип, студияда жандуу үндөрү менен өз өнөрлөрүн тартуулашты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 38 = 43

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: