Menu

Видео – Чолпон Жакупова, ЖК депутаты: “Кыргыздын жигиттери, силерди канча жолу “кой” деп атады? Силер чыдадыңарбы ошого, чыдай бергиле”

Бөлүшүү:

“Мен конституцияны өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорунун демилгечисимин деген Иса Өмүркуловдон сурадым, “Конституцияга канча өзгөртүү киргизип жатасыңар?” деп. Ал билбейт, 23 деп коёт. Мен ага айттым “өзүңөр билбейсиңер, 30 өзгөртүү киргизилип жатат. Анан ошол 30 өзгөртүүгө бир эле жооп сурайсыңар “макул” же “жок” деген. Чындыгында 30 өзгөртүүгө 30 жооп алыш керек болчу”, – деп билдирди бүгүн, 8-октябрда Бишкекте өткөн “Референдумга каршыбыз!” кыймылынын Курултайында Чолпон Жакупова.

“Бул жерде Мавлян Аскарбеков “Жогорку Кеңешке, бийликке жаштар келиш керек” дейт. Мавлян сага керекпи мен депутаттык мандатымды берейин. Мен жададым. Парламентте канчалаган жаштар депутат болуп олтурушат, бирок, бул жерге келгенге бирөөсүнүн духу жетпеди. Бийликтин мыйзамсыз аракеттерине каршы бир сөз  айтканга жаштардын духу кайда? Кана бир духу бар жаш депутаттын фамилиясын  атагылачы? Жок андай жаш депутаттар.  Ошондуктан айтып коюш керек, силер каалайсыңарбы же каалабайсыңарбы бүгүнкү саясатты аял депутаттар менен жаш депутаттар жасай албайт. Жүрөгүндө духу, эрки, мүнөзү бар депутаттар гана жасай алат. Мындай касиет адамдын жашына жана жынысына карабайт. Ал адамдын духуна байланыштуу. Жаштар бийликке келгиле. Бирок келердин алдында силер өзүңөдүң духуңарды, акылыңарды, эркиңерди, биригүүгө жөндөмүңөрдү көрсөткүлө. Антпесе азыр Жогорку Кеңеште олтурган депутаттардын 95 проценти бийликке жатып беришти”, – деди Чолпон Жакупова.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Видеотасма Искен Афиджановдуку

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 32 − 28 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: