Menu

Тажикстанда алгачкы жолу адам уурдоо тууралуу тасма тартылды

Бөлүшүү:

Тажикстанда  «Такси» аттуу кыска метраждуу тасманын премьерасы болду. Жаш режиссер Файзулло Файз аны Душанбеде болгон чыныгы окуянын негизинде тарткан.

«Башкы каарман – оорулуу уулун дарылоо үчүн акча иштеп табууну көздөп, күнү-түнү иштеген таксист. Күндөрдүн биринде бир канча киши андан колу-буту байланган жети жаштагы уурдалган баланы шаардын башка бир бөлүгүнө жеткирүүнү өтүнүшөт. Таксист баланы айткан жерге жеткирип, сунушталган акчаны алуу же бул тууралуу милицияга кабарлоо деген эки жолдун бирин тандашы керек болуп калат. Бир аз ойлонгон соң өмүрүнө коркунуч жаралганына карабастан ал экинчи жолду тандап алат», – деди режиссер Файзулло Файз.

Айтымында, тасмадагы окуя толугу менен таксинин ичинде болот. Башкы каармандын ролун жаш актер Абдукарим Машрабов аткарган.

Тажикстандын Кинематографисттер союзунун төрагасы ​Сафари Хакдод «Такси» жогорку профессионалдык деңгээлде тартылган деп эсептейт.

Бүгүнкү күнгө чейин беш тасма жаратууга жетишкен Файзулло Файз өзүнүн алгачкы кыска метраждуу тасмасын беш жыл мурда тарткан.

Акыркы үч жыл ичинде Тажикстанда бир канча жолу адам уурдоо учурлары катталган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: