Menu

Өзбекстанда сот кызматкерин өлтүрүп, чемоданга салып, сууга ыргытып жиберген дарыгер камалды

Бөлүшүү:

Өзбекстан Башкы прокуратурасы Жогорку соттун кызматкерин өлтүрүү шеги менен эки киши кармалганын билдирди.

Буга чейин Ташкент облусунун Кибрай районунда 52 жаштагы кишинин сөөгү салынган чемодан табылганы кабарланган. Ал киши мурун Жогорку соттун чарба бөлүмүнүн башчысы болуп иштегени аныкталган.

Маалыматка караганда, 7-августта сот кызматкери Республикалык медициналык тез жардам илимий борборунда дарыгер болуп иштеген таанышына барган. Дарыгер аны бош бөлмөгө алып барып, медициналык тапчанга жаткырып, катуу предмет менен башка чаап, андан кийин думуктуруп өлтүргөн.

Кылмышты жашыруу үчүн ал анын сөөгүн чемоданга салган. Дарыгердин таанышы чемоданды Кибрай районундагы Бозсу каналына алып барып таштаган.

Тергөө комитетинин маалыматына караганда, маркум мурун дарыгердин үй-бүлөсүн жана балдарын коркуткан болушу ыктымал. Кызганыч да киши өлтүрүүнүн себептеринин бири катары каралууда.

Дарыгер киши өлтүрүү айыбы менен камалды. Ал 2009-жылдан бери Республикалык медициналык тез жардам илимий борборунда жетекчилик кызматта иштеген. Тергөөнүн жүрүшүндө соттук-медициналык, соттук-биологиялык, дактилоскопиялык жана соттук-химиялык экспертизалар жүргүзүлөт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 68 − 65 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: