Menu

«МИК» ААК кадимки режимде ипотека берүүсүн улантууда

Бөлүшүү:

«Мамлекеттик ипотекалык компания» (МИК) ААК ипотекалык насыя берүү боюнча арыздарды кабыл алууда. Ипотекалык насыя алуучулардын тизмесин даярдоо процедурасы адаттагыдай уланып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 5-декабрда, «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААКтын төрагасы Бактыбек Шамкеев билдирди. Мындай маалыматты өкмөттүн расмий сайты жарыялады.

Анын айтымында, МИК ААК тарабынан ушул жылга 1 миллиард сомдун тегерегинде насыя берүү пландалган.

«Бирок быйылкы жылы насыя берүү темпи абдан жогору болду. Эгерде мурда биз айына 50-60 млн сом берсек, акыркы айлары ал 200 млн сомго чейин өсүп, бизде бир аз ликвиддүүлүк ажырым пайда болду. Ага байланыштуу быйылкы жылга кошумча дагы 300 млн сомдун тегерегинде каражат бөлүү маселеси менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарына кайрылдык», — деп белгиледи Бактыбек Шамкеев.

«МИК» төрагасы белгилегендей, бүгүнкү күндө абал турукташтырылып, каржылоо боюнча маселе чечилди. Жогорку Кенештин депутаттары Өкмөттүн «Арзан турак жай –2015-2020» программасын ишке ашыруу үчүн үстүбүздөгү жылга кошумча дагы 300 млн сом өлчөмүндө каражат бөлүү сунушун жактырышты.

Андан тышкары, Бактыбек Шамкеев быйыл «Арзан турак жай –2015-2020» программасы аркылуу ипотекалык насыя алууну каалагандардын саны мурдагы жылдарга салыштырмалуу абдан көп экенин белгиледи.

«Эгерде биз былтыр 800 млн сомдун тегерегинде ипотекалык насыя берсек, быйыл Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан бөлүнгөн 1 млрд 150 млн сомдун тегерегинде насыя бердик», —деди ал.

Белгилей кетсек, «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААК Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругу менен 2015-жылдын 15-июнунда түзүлгөн. Бүгүнкү күндө компания 2 млрд 536 млн 370 миң сомдун тегерегинде ипотекага 2 миң 293 насыя берди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 16 − = 13

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: