Экс-депутат, КСДПнын кадыры менен Ысык-Көл облусун, кийин Бишкек СЭЗин башкарганы менен ишинен тыңгылыктуу натыйжа бербей, миллиондор боюнча шектүү шыбырларга илешип, куулуп кеткен Мирбек Асанакунов Кыргызстан профсоюздар федерациясынын башчылыгын аркалай баштады. Буга чейинки ээлеген кызматтарынан эзели жыйынтык бербей, Атамбаевге артын такаган бу чиновниктин профсоюздар федерациясын бийик деңгээлге көтөрөрүнө кантип ишенебиз? Аялы КСДПчы депутат Гүлкан Молдобекова парламенттеги эң чоң комитетти башкарса, эри Асанакунов эми профсоюздар федерациясын «чүлүктөөгө» өтсө, булардан башка иш билги кадрлардын маңдайына кызмат жазылган эмеспи? Кезегинде профсоюздар федерациясын Иманкадыр Рысалиевге окшогон билимдүү, тажрыйбасы бийик инсандар башкарса, бүгүн тармак бийлик партиясынын чабал кадрларына ыроолонуудабы?
Булак: “Азия ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ