Алмазбек Атамбаев бүгүн, 7-апрелде «Ата-Бейит» эстелик комплексинде Апрель революциясынде шейит кеткен баатырларды эскерип, алардын мүрзөсүндөгү эстелик тактага гүлчамбар койду.
Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев менен кошо Кыргыз Республикасынын Төрагасы Асылбек Жээнбеков, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы Айнаш Токбаева жана Кыргыз Республикасынын экс-президенти Роза Отунбаева Апрель элдик революциясынын баатырларынын мүрзөсүнө гүлчамбарларды коюшту.
Андан кийин «Ата-Бейит» эстелик комплексинде куран окулду.
Иш чарага 2010-жылдын 7-апрелинде курман болгондордун жана жабыр тарткандардын туугандары, Апрель окуяларынын катышуучулары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөлөрү, өлкөнүн башка мамлекеттик органдарынын жетекчилери жана коомчулук өкүлдөрү катышты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ