Хатлон гарнизонунун аскер соту Тажикстан Улуттук гвардиясынын жоокери Хасан Каримовдун өлүмү боюнча ишти карай баштады. Ал быйыл 28-февралда кызмат өтөп жаткан жеринде катуу сабалгандан кийин каза болгон.
Маалыматка караганда, Каримовдун өлүмүнө аны менен бирге кызмат өтөгөн 21 жаштагы Мухсинхуджа Султонов шектелүүдө.
Хатлон облусунун аскер прокуратурасынан Султонов кызматташын өлгүчө сабоо жана аскердик уставды бузуу беренелери боюнча айыпталып жатканын ырасташты.
Мурдараак Нурека шаарынын бийлиги жоокердин өлүмүнө байланыштуу эки аскер кызматкери кармалганын билдирген. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгына ылайык, Хасан Каримовду төшүнө жана чыкыйына катуу соккулар жасалып, ички органдардагы кан агуудан улам каза болгон.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ