Menu

Түркмөнстанда мамлекеттик кызматтардагы пенсионерлер жумуштан алынууда

Бөлүшүү:

Түркмөнстандын бардык министрликтеринде, мекемелеринде жана мамлекеттик ишканаларында пенсия курагындагы кызматкерлер жумуштан алына баштады. Бул тууралуу «Түркмөнстандын альтернативдүү жаңылыктары» басылмасы билдирүүдө.

Маалыматка караганда, пенсия курагындагы жарандар өлкө президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун өткөн жылдын ноябрындагы көрсөтмөсү боюнча иштен алынууда. Басылма өлкөнүн Туризм боюнча мамлекеттик комитет башчысынын улгайган кызматкерлерди кетирип, алардын ордуна жаш адистерди алуу тууралуу буйругун жарыялады.

Өлкөдө пенсия курагындагы жарандардын жапырт жумуштан алынышы миңдеген үй-бүлөнү тиричилик кылууга каражаты жок калтырышы мүмкүндүгү айтылууда. Анткени жаштардын арасындагы жумушсуздукка байланыштуу үй-бүлөлөрдүн көбүнүн материалдык абалы улуу муундагылардын кирешелерине түздөн-түз көз каранды.

Өткөн жылы өлкөнүн мунайгаз комплексиндеги айрым ишканалар менен уюмдар жоюлуп, улуттук экономика тармактарына таандык болгон мекемелердеги жумуш орундары кыскартылган.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 62 − = 57

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: