Аз күн мурда Аламүдүн-1 кичирайонунан чак түштө 60 жаштагы аялды үйүнөн атып кеткени (1 жаштагы небересинин көзүнчө), андан көп узабай Ош шаарында ишкерди дарбазасынын астынан балталап өлтүргөнү маалым болду. Чукул аралыкта эле тирукмуш кылмыштардын катталганы, криминалдын күчөп кеткени буга ачык мисал болот. Эл коркуп жашай баштады. А милициянын ичинде профессионалдар куугунтукталып, «крысалардын» бети ачылбай атканы коомчулукгу таңгалдырууда. Негизи күч органы бийликке сын айткан активист саясатчьшарга убактысын коротуп, аларды аңдыгыча башкесерлер менен күрөшсө болмок. Тескерисинче, өткөн жумада күбө болдук, аэропорттон милиция кызматкерлери журналист кызды уруп, ыйлатты. Дагы башкаларын убактылуу кармоочу жайына тыгышты. Ал эми эл арасында криминалдарга катарлаш үрөй учурган сакалчандар, экстремизм апааты кулач жайып, бир күнү кокусунан жарылчудай абалга баратканы сезилүүдө. Бул – эң коркунучтуу фактор! Баса, ИИМди реформалоо демилгесинен дайын жок. Акыбал ушундай. Эгер ИИМ тараптан жооп болсо, жарыялап коёбуз…
Булак: “Азия ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ