Menu

ИИМдин МАККББнын башчысы өрт учурунда тиешелүү чараларды көргөн кызматкерлерге ыраазычылыгын билдирди

Бөлүшүү:

Буга чейин маалымдалгандай, маанилүү объекттерди жана шаардын көчөлөрүндөгү коомдук тартипти коргоону камсыз кылуучу Биринчи май райондук МАККББтын кызматкерлери өрт учурунда өмүрүн жана ден соолугун тобокелге салып, элдерге жардам берип, аларды эвакуациялоо боюнча тиешелүү иш-чараларды көрүшкөн. Бул туурасында ИИМдин Басма сөз кызматы билдирет.

2017-жылдын 17-июнунда Биринчи май райондук объектти коргоо милдетин аткарган күзөт бөлүмүнүн ыкчам-аракет тобунун милициялары Киев көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдүн 7-кабатында катуу түтүндү байкашкан.

Окуя болгон жерге өрт өчүрүү кызматын чакырган милиция кызматкерлери убакытты текке кетиришкен жок, себеби жалындаган өрт тепкичтерге өтүп, жогорку кабаттагы адамдардын чыгуусуна тоскоолдук жаратмак. Катуу үн чыгаргыч аркылуу милиционерлер адамдарга өрт тууралуу билдиришкен, 8-кабаттагы жардамга чакырган кыйкырыктарды уккан соң, 2 милиционер эң үстүнкү кабатка чыгышып, тургундарды ойготушкан жана 8-кабаттагы 2 кары адамдарды үйүнөн чыгарып, коопсуз жерге алып барышкан.

Өрттөн жабыр тарткан адамдар болгон жок. Эгерде түтүн жана өрттү кеч байкаганда, кесепети кейиштүү болмок.

Милиция кызматкерлеринин компетенттүү иш-аракеттерине жараша көтпөгөн адамдардын өмүрү сакталып калды.

Өрт учурунда адамдарды куткарууда жумушуна кесипкөйлүк жана жоопкерчилик менен мамиле кылуусу ИИМдин Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматынын башкы башкармалыгынын башчысы тарабынан бааланды.

Милдетин аткаруудагы жумушуна берилгендик менен мамиле кылуусу ИИМдин МАККББнын буйругу менен взводдун командиринин орун басары, милициянын прапорщиги Азим Тажикуловго, ыкчам аракет тобунун милиционери, милициянын сержанты Камил Сатымкуловго, милиционер-айдоочу милициянын ага сержанты Калысбек Айтибековго, ошондой эле милициянын лейтинанты Жаныбек Исаевге ыраазычылык жарыяланды. Белгиленген милиционерлерге ыраазычылык барагы ыйгарылды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 19 − = 14

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: