Айыл жерлериндеги жашоочулар бийликтин же башка эл аралык уюмдардын көрсөтмөсү жок эле өз алдынча сергек, таза жашоого умтулган демилгелери эртеңки келечегибизге үмүт жаратууда. Алардын бири – арактан баш тартып, сатууга жана ичүүгө тыюу салуу. Жакында мындай демилгени Токтогул районундагы жергиликтүү активисттер менен айыл ак сакалдары көтөрүп чыгышты.
Эл өз демилгеси менен Жаңы-Жол айыл аймагына караштуу Кызыл-Туу айылында спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салынды. Бул тууралуу демилгечи активисттердин бири Маданбек Эшматов маалымат каражаттарына билдирди. Анын айтымында, демилгени жергиликтүү активисттер менен айыл аксакалдары көтөрүп чыгышкан. «Айылдыктар атайын жыйын куруп, ага дүкөн ээлери да катышты. Жыйындын соңунда соодагерлер спирт ичимдиктерин сатпоого оозеки макулдугун беришти. Буга чейин айылда спирт ичимдиктеринин айынан жаңжалдуу окуялар катталып келген. Ал тургай арак-шараптан ууланып каза тапкандар да болгон», — деген Эшматов. Ошондой эле ал айыл ичинин тынч болушу үчүн ушундай кадамга барышкандыгын кошумчалады. Эгер башка айылдар менен шаарлардын жашоочулары да ушундай демилгени колдоого алышса, анда бир топ көйгөйлөрдөн арылат элек.
Булак: “Майдан.kg”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ