Menu

Бажы кызматкерлери аткезчилик жол менен ташылып келинген баасы 2 754 000 сом болгон оргтехника кармашты

Бөлүшүү:

Аткезчилик жол менен ташылып келинген баасы 2 754 000 сом болгон оргтехника кармалды. Бул тууралуу Бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

ЕАЭБтин бажы аймагына товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүү фактыларын табуу жана аларга бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш- чаранын жыйынтыгында, Ыкчам бажысынын кызматкерлери тарабынан Баткен областындагы Жаштык айылында “Х.Н.Ш” аттуу жарандын башкаруусундагы “Мерседес-Бенц спринтер” үлгүсүндөгү таранспорт каражаты
токтотулуп текшерилген.

Жогоруда көрсөтүлгөн транспорт каражатынын жүк бөлүгүн текшерген учурда Кыргызстанга чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келе жаткан жалпы баасы 2 754 000 сомдук төмөнкү оргтехникалар жана эл керектөөчү товарлар табылган.

1. “ACER” маркасындагы ноутбук – 90 штук;

2. “Lenovo” маркасындагы ноутбук – 8 штук,;

3. “HP” маркасындагы ноутбук – 20 штук;

4. Баш кийим – “AMERICANSTYLE AFNY” маркасындагы баш кийим – 1 000 штук.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, матералдар тергөөгө караштуулугу боюнча Ош облустук прокуратурасына өткөрүлүп берилди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: