Menu

Абдулло Навжувонов, генерал: “Тарыхты карап чыксак, Баткен эч качан кыргыздын жери болгон эмес”

Бөлүшүү:

“Баткен эч качан кыргыздын жери болгон эмес” – деп билдирди Тажикстандын Согдий облусунун ички иштер башкармалыгынын башчысы, генерал-майор Абдулло Навжувонов 12-февралдагы пресс-конференциясында.

Такталгандай, 12-февралда кызматка жаңы дайындалган генерал-майор Абдулло Навжувонов биринчи пресс-конференциясында кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатактар Согдий облусунун укук коргоочулары үчүн негизги көйгөй экенин айткан. Абдулло Навжувонов чек ара жаңжалдагы боюнча 16 кылмыш иши козголуп, Кыргызстандын 27 жаранына издөө жарыяланганын айткан.

“Эгерде тарыхты карап чыксак, Баткен эч качан кыргыздын жери болгон эмес. Менин ата-бабаларым кыргыздарды алып келип, аларга жер берген. Бүгүнкү күндө бул биз үчүн көйгөй болуп калды” – деп билдирген генерал.

Тажикстандын билдирүүсүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү четке кагып, бул аракетти элди козутуу үчүн жасалган чагымчылдык катары баалады.

“Согдий облусунун ички иштер башкармалыгынын башчысы өзүнүн чагымчылдык билдирүүлөрү менен чек арадагы тынчтыкты бузуп, эки өлкөнүн жарандарынын ортосунда келишпестиктерди жаратууда” – деп айтылат Баткен облусунун өкүлчүлүгүнүн маалыматында.

Кыргыз-тажик чек арасынын узундугу 976 км. Бүгүнкү күндө анын 504 км делимитация жана демаркациялоо иштери жүргүзүлгөн. Такталбаган чек аранын аймагында эки элдин ортосундагы чыр-чатакты жаратууда.

Булак: «KyrgyzToday»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 66 + = 74

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: