Menu

Ак-Талаа районунда заманбап мектептин жаңы курулган имараты пайдаланууга  берилди

Бөлүшүү:

Ак-Талаа районундагы Баетов айылындагы 275 орундук, Эсенгул Карасартов атындагы мектептин курулушу да аягына чыгып, алыс-жакындан кадырлуу меймандар чакырылып, ачылыш салтанаты өткөрүлдү. Айылдыктар көптөн күткөн мектептин ачылыш салтанатына Жогорку Кеңештин депутаттары Чыныбай Турсунбеков, Искендер Гаипкулов, Алмасбек Акматов  жана башка расмий адамдар катышты. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы бүгүн, 14-февраль күнү билдирди.

Эл өкүлү Чыныбай Турсунбеков бул мектептин курулушу мындан 6 жыл мурун капсула салып кеткенин айтуу менен, эми анын ачылышына келүү кандай сыймыктуу экенин белгилеп өттү. Эл депутаты айткандай КР Президенти Сооронбай Жээнбеков өзү да бул мектептин курулушун көзөмөлгө алып, аны тездетүү тапшырмасын берип кеткен. Натыйжада заманбап жакшынакай мектеп курулуп, айылдыктардын көптөн күткөн тилеги ишке ашып отурат.

Мына ушундай жаңы типтеги жаркыраган мектептин ачылышы менен куттуктаган Жогорку Кеңештин депутаты Искандер Гайпкулов райондор аралык карым-катнашты жандандыруу аракеттери да башталып жатканын белгиледи. Нарын району менен Араван району өз ара карым-катнашты жакшыртып, өнөктөштүк иштерди жасоого белсенип киришти.

Жогорку Кеңеште Ак-Талаа районунан депутат жок. Бирок, мында келген депутаттар элдин өтүнүч-талаптарын дайым жогорку бийликке жеткирип, бир катар маселелердин чечилишине көмөк көрсөтүп келишет. Эл депутаты Алмасбек Акматов элдин өтүнүчү менен район боюнча бир катар иштер аткарууга жетишишкенин маалымдады.

Жогоруда депутаттар белгилеп өткөндөй, балдарды колдоо жылында Баетов айылында жакшынакай, заманбап мектептин пайдаланууга берилиши жакшы жөрөлгө катары белгиленүүдө.

Жогорку Кеңештин депутаттары баштаган ардактуу меймандар тасма кесип, мектептин ичин кыдырып көрүштү. Бардык ыңгайлуулук түзүлгөн спорт залы, ашканасы, китепканасы да бар экен.

Ал турсун лабораториялык иштер үчүн да атайын бир бөлмө бөлүнгөн. Компьютердик класс, кенен-таза кабинеттер, жаңы эмеректер окуу орус жана кыргыз тилдеринде жүргүзүлө турган мектептин жамааты үчүн жомоктогудай кубанычтуу жаңылык болду.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: