Кечээ, 14-декабрь күнү Бишкек шаарындагы кампалардын биринен өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат каражатынан кабарлашты.
Берилген маалымат боюнча, өрт Биринчи Май районунун Васильев көчөсүндө жайгашкан кампадан чыккан. Өрттү өчүрүүгө саат 15:20да Биринчи Май райондук өрт-куткаруу бөлүмүнөн 1 бөлүм, ал эми, Свердлов районунан 1 бөлүм барган. Өрт саат 16:08де чектөөгө алынган. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери менен катар кырсыктан улам келтирилген зыяндар аныкталууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ