Кеңешме бүгүн, 26-январда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбековдун жетекчилиги астында өтүп, анда Чүй облусунун Сокулук районундагы Дачи СУ айылындагы «Боинг-747» учагынын авиа кырсыгынын кесепеттерин жоюу, камкордуксуз калган балдардын келечек тагдыры боюнча маселе талкууланды.
Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Таалайкүл Исакунова тийиштүү маалыматтарды берди.
Бүгүнкү күндө эки бала (2010-жылы туулган Шералиев Жакшылык, 2009-жылы туулган Абакиров Султан) ата-энесинин камкордугусуз калган жана чоң ата, чоң энесинин камкордугунда турат. Чүй облусунун Сокулук райондук жана Бишкек шаарынын Биринчи май райондук социалдык өнүгүү башкармалыгы балдарга камкордукту бекитүү максатында Балдарды коргоо боюнча индивидуалдуу план долбоорунун үсүндө иштеп жатат.
Үч бала (Раимкулова Элайым, 2011-жылы туулган, Нурлан уулу Мирлан, 2003-жылы туулган, Нурлан уулу Эрлан, 2000-жылы туулган) энесин ен ажыраган. Бүгүнкү күндө алар атасы менен жашап жатышат.
25-январдан тарта Бишкек шаарындагы («Семетей» мейманканасына) Сокулук районунун Манас айылындагы Ат-Башы орто мектеп-гимназиясына мектеп жашындагы балдарды алып барып келүү үчүн транспорт уюштурулган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ