Menu

Нарында милиционерлер 3 жашар кыздын колун сындырып кетишкен – Генералдык прокуратурага кайрылуу

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуроруна

Нарын шаарынын тургуну З.Ж. Сабитахуновадан

Кайрылуу-Арыз

2016-жылдын 10-ноябрь күнү мен жашаган Нарын шаарынын Токтосунов көчөсүнүн N6-үйүнө биздин тууганыбыз “К.Жакыповдун иши боюнча силердин үйгө да тинтүү жүргүзөбүз” деп Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун токтомуна ылайык (тууганыбыз К.Жакыповго кылмыш кодексинин 299-беренеси менен №2-161825 сандуу кылмыш ишин козгошуптур) милиционерлер келишиптир.  Тинтүүгө КР ИИМ Башкы Тергөө Бөлүмүнүн тергөөчүсү, оперлер жана Нарын облусунун ОИИБнин кызматкерлери келишкен. Тинтүү видеокамерага тартылып, күбөлөр калыс тинтүүгө башынан аягына чейин катышышкан. Кандайдыр бир мыйзамсыз иш аракеттер болгон эмес. Мыйзамдуу тинтүү бүтүп, эч нерсе табышпай бардыгы чыгып кетишкен.

Бирок, ошол эле күнү баягы сотрудниктер күбөлөрү жок кайра келишип,  “эми дагы экинчи жолу тинтүү жүргүзөбүз” дегенде чыр башталды. Биздин: “бир жолу тинтүү жүргүздүңөр, бүттү да” деген сурообузга бизди жулмалап, күч колдонуп, үч жашар кызымды куурчакты ыргыткандай эле, кармап дубалга ыргытты. Ал учурда күбөлөр эшиктин сыртында турган, бирөөсүн да киргизишкен жок, ал окуяны видеокамерага тартышкан жок, ошол себептеи өздөрүн хан сезишип, тебелеп жырткычтык мамиле жасашты. Эч ким көрбөйт, укпайт дешкени да. Кызымды дубалга ыргыткан сотрудникти бетинен таанып калгам. Кызым ыйлап, ошол замат эле колун көтөрө албай калды. Мен ал учурда ал сотрудниктин аты-жөнүн билген эмесмин, кийин интернеттен көрүп тааныдым, көрсө ал Т.Акунбеков деген экен. Ошол күнү кызымды больницага алып бардым, юридикалык сабатсыздыгымдан врачтарга милиция кызматкерлери кызымды дубалга ыргытты дегенден уялып, айткан эмесмин. Андан кийин арыз менен Нарын прокуратурасына кайрылганымдан эч жыйынтык чыкпады.

Эми менде суроо: Нарын облусунун прокуратурасы өзү кызыктар тарап болуп, биринчи тинтүүгө гана таянып, экинчи тинтүү фактысын жаап-жашырып, “Т.Акунбековдун кыймыл аракетинде кылмыш курамы жок” деп , токтом чыгырган. Бул жерде экинчи тинтүү учурундагы, үйдө бизден башка эч ким, күбөлөрдүн жогун жаап жашыруушуда. Т.Акунбековдун кыймыл аракетинде кандайча кылмыштын курамы жок болуп калды? Үч жашар кызым А.Арипжанованын колун сындырса дагы?  Милиция кызматкерлери эмне үчүн бир эле күндө экинчи тинтүүгө келишти? Эмнеге экинчи тинтүү учурунда үйдүн ичине күбөлөрдү киргизишкен жок? Эмнеге экинчи тинтүү видеокамерага тартылган жок? Эмнеге милиция кызматкерлери жарандарга, аялдарга, балдарга каршы кол көтөрүшөт? Мен эне катары сиздерден жардам сурап жазганга мажбур болдум.

Себеп: Нарын нрокуратурасы ИИМ БТБнын тергөөчүсү Т,Акунбековдун мыйзамсыз иштерине көз жумуп, “мүмкүн атайылап кыздын колун өзүң сындырып салдың” деп бизди мазакташып, тигил тарапка качан эле жактоочу болуп кеткенинин негизинен мен Нарын облусунун прокуратурасына ишене албайм. Бул иш коомдук резонанс алган окуя. Андыктан сураныч: КР ИИМ БТБнын тергөөчүсү Т.Акунбековго карата мыйзам чегинде чара көрдүрүп берүүңүздөрдү суранам.

Үч жашар кызым А.Арипжанованын жарат алгандыгы, колу сынгандыгы тууралу соттук-медициналык корутунду арызга тиркелди.

Нарын шаарынын Токтосунов көчөсүнүн N 6-үйүнүн тургуну З.Ж. Сабитахунова.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: