Menu

Өзбекстанда президенттик шайлоо үчүн алдын ала добуш берүү башталды

Бөлүшүү:

Өзбекстанда 4-декабрга белгиленген президенттик шайлоо үчүн мөөнөтүнөн мурда добуш берүү башталды.

Мамлекет башчылыгына президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Шавкат Мирзиёев, Өзбекстан элдик-демократиялык партиясынан Хатамжон Кетмонов, «Миллий Тикланиш» партиясынан Сарвар Отамуратов жана «Адолат» партиясынан Нариман Умаров ат салышууда.

Мыйзамга ылайык, алдын ала добуш берүү шайлоого он күн калганда башталып, бир күн калганда аягына чыгышы керек. Шайлоочулар тизмесинде 21 миллион 435 адам бар, республикада 9378 добушкана иштейт. Алардын катарына дүйнөдөгү 28 өлкөнүн 44 дипломатиялык өкүлчүлүктөрү дагы кирет.

Шайлоо мөөнөтү Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримов дүйнө салганда кийин белгиленген. Анын сөөгү 3-сентябрда Самаркандда жерге берилген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: