Menu

Президенттин сыны Төрөбаев үчүн дарыбы?

Бөлүшүү:

Кечээки шайлоо кээ бирөөлөр үчүн катуу сокку болду. Алардын арасында “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев да бар. Бакыт Эргешович алгач оппозициялык маанайдагы Ташиев, Мадумаров, Келдибеков үчилтигине кошулуп, төртилтик болуп, бир талапкерди аттандырууга макул болгон. Бул идея көп жашабай “капут” болуп, өзү Бабанов менен кол кармашып, премьер-министр болууга ашыккан. Төрөбаевдин кетирген чоң катачылыгы ушунда болду. Эгер ал эч кимге кошулбай, өз алдынча кеткенде аброю мурункудан дагы өсмөк. Өзүнүн салмагын анализдеп, кийинки шайлоого кенен жолду ачып алмак. Партиясы да кыйла күчтөнүп калмак. Бабановго кошулганы ага утулуш гана алып келди. Фракциясында мурункудай бекемдик жок болуп, үч депутаты ачык каршы чыгып, өзүнө каяша айта баштады. Бабанов болсо шайлоо учурунда барган жеринде Төрөбаевдин эл үчүн жасап жаткан эмгектерин жарытылуу да айтканга жарабады. Бир гана “Алдыга жол” деп кыйкырып жүрдү. Жок дегенде Төрөбаевдин тракторлору менен комбайндарынын сүрөттөрүн көчөгө илип, ушундай адам менен кол кармашып баратам деген жок. Төрөбаевдин ушунча жыл эл менен чогуу иштеп жаткан эмгектери “Алдыга жолдун” көлөкөсүндө калып кетти. Президент баш болуп айткан сындын көбүн Төрөбаев “жеди”. Кечээ болсо “Алмазбек Шаршенович, адам катары, президент катары сизди сыйлайбыз. Сиз өлкөнүн өнүгүшү үчүн зор салым коштуңуз. Бизди сындадыңыз, бышырдыңыз” деп президенттен кетирген кемчилигин моюндагандай болду. Бул сөзүнө президент ыраазы болгондой “дары болсун” деген жообун айтты. Төрөбаев бул айтканы менен саясаттага салмагын кыйла эле жоготту.

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 95 − = 91

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: