Menu

Бердибек Жамгырчиев, жаш акын: «Шаар мен ойлогондой болгон жок»

Бөлүшүү:

Айылдан биринчи жолу шаарга келгендеги күндөрдү баарыбыз эле унутпасак керек. Чоң-чоң үйлөр көзүбүзгө мунара сезилип, шаардын зымылдаган жолдору таң калтырып, конүшүп кеткенче далай окуялар болот эмеспи. Бүгүнкү “Мен айылдан келгенде” аттуу рубрикабыз дагы көнүлдү көтөрүп, сиз айылдан келген күндөргө жетелеп батат деп ишенебиз.

«Алгач шаарга келгенимде бир башкача сезимде бол­гом, адамдардын баары көзүмө жакшы көрүнчү, ар бир имарат суктандырчу, толкунданып эле жүрчүмүн. Маршрутта далай адашып, далай жолдо калган күндөр болду. Студенттик күндөрдүн босогосун аттап, көз күйүп, көкүрөк өрттөнүп турган кезим эсимде. Бирок шаар мен ойлогондой болгон жок, адамдар бири-бири менен иши жок, жыл өткөн сайын таш- боор сыяктуу сезиле берди. Убакыттын өтүшү менен ага да көнөт экенсиң, айылдагы таза, аруу сезимди шаарга алып келип чачып ийгендей эле болдум. Азыр жаман эмес, бирок айылдагы баёо, алтын күндөрүмдү сагынам. Шаар мен үчүн жакшы да, жаман да күндөрүн тартуулады. Жашоонун агымы ошондой экен да. Бирок 2005-жылы шаар башкачараак болчу, арзанчылык да бар эле, пейил да бар эле. Адамдын аң сезиминдеги сагынуу, күтүү, эңсөө, сүйүү сезимдери мынчалык тепселе элек кез болчу, азыр мунун баардыгын интернет тепсеп таштады».

Сезим Мураталиева

Булак: Де-Факто 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 20 + = 30

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: