Menu

Мирзиёев Кыргызстанды стратегиялык өнөктөш деп атады

Бөлүшүү:

Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга сапары эки өлкөнүн тең эли үчүн тарыхый мааниге ээ. Бул тууралуу Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев өзбекстандык кесиптеши менен жолугушууну ачып жатып билдирди.

Мамлекет башчы бул күндү кыргыз жана өзбек эли 25 жыл күткөнүн айтып, Бишкекке келгени үчүн Мирзиёевге ыраазылык билдирди.

Өз кезегинде Мирзиёев Кыргызстанды Өзбекстандын стратегиялык өнөктөшү деп атады. Анын айтымында, коңшулар менен жакындашуу Өзбекстандын стратегиясы болуп эсептелет жана мамлекет башчылар өз чектерин достуктун чек арасына айлантышы керек.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга эки күндүк мамлекеттик сапар менен 5-сентябрда келди. Анын жүрүшүндө бир катар маанилүү документтерге кол коюлду.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: