Menu

Чүй менен Таластын легендарлуу көк бөрүчүлөрү беттешет

Бөлүшүү:

30-ноябрдан 2-декабрга чейин Бишкектеги “Ак-Кула” ат майданында көкбөрү боюнча Талас менен Чүй облустарынын ынтымак турнири өткөрүлөт. Бул туурасында Көкбөрү федерациясынын Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.

Турнирде Чүй менен Таластын төрт районунан куралган сегиз команда күч сынашып, эки облустун легендарлуу көкбөрүчүлөрү тагыраагы 40 жаштан өткөн улакчылар оюн талаасына чыгышат.

Мындан тышкары уюштуруучулар мелдештин байге фондусу бир миллион сом экенин маалымдашты. Эскерте кетсек, ушундай өңдүү ынтымак турнири буга чейин Таласта да өткөрүлгөн.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 7 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: