Menu

Кемел Ашыралиев, коомдук ишмер: “Коомубузду элдин ырыскысын ичип, жеген, кызматын туура эмес пайдаланган Атамбаев сыяктуу адамдар бузуп жатпайбы”

Бөлүшүү:

-Мурдагы президенттик аппараттын Сот, укуктук, мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы Манас Арабаев экс-биринчи айым Раиса Атамбаевага каршы көрсөтмөсүн берди. Анын бул кадамы бүгүнкү саясий кырдаалга кандай таасир берет? Кырдаалды ого бетер күчөтүп жибербейби? Мурдагы президенттин жубайынын сот чечимине кийлигишкени эмнени билдирет?

-Манас Арабаев менен мурда кийин жолуккан эмесмин, тааныштыгым да жок. Ошондуктан ал кишинин кандай адам экенин билбейм. Бирок, чындык акыры айтылышы керек болчу. Анын үстүнө ал мамлекеттик маанилүү кызматты аркаласа, болгонун болгондой айтышы керек. Болгон чындыкты айтты го деген ойдо калдым. Бирок, бизде бир жаман адат бар. Күйөөсү кызматта болсо, аялы, атасы кызматта болсо, баласы киришет. Алар ошол кызматты жалпы үй-бүлөсүнүкүндөй көрүшөт.

Мурунку ажобуздун аялынын кийлигишкени чындык болсо керек. Эми кандай болгон күндө да бул нерсе саясий кырдаалды күчөтпөйт. Ал тургай Атамбаев өзү кандайдыр бир кадамдарга барса деле кырдаалды күчөтүп, абалды өзгөртө албайт. Күнөөсү болсо жазасын тартышы керек. Атамбаев эмес, анын ордунда башка адам болсо деле жазаланууга тийиш. Мыйзам деген бардыгына бирдей.

Коом тазаланышы керек. Коомду өйдө жактагы элдин ырыскысын ичип, жеген, кызматын туура эмес пайдаланган ушундай адамдар бузуп жатпайбы. Коомду тазалайбыз деп тоок уурдаганды камабай эле койгула. Анча мынча тентектик кылып койгон баланы камап койгондон эч качан коом тазаланбайт. Качан кызматтагылар кызматын туура, так аткарса, элди жакшы башкарып, элдин эсебинен байып, хан сарайына эл чогултпаса гана коом тазаланат. Аны эч кандай трагедия кылбашыбыз керек. Атамбаев күнөөлүү болсо, башкалар сыяктуу эле жазаланышы керек.

Булак: «13-квартал»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 79 − = 76

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: