Menu

Бабановдун айтканы боюнча чара көрүү талабы коюлду

Бөлүшүү:

Ошто бүгүн президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун Он-Адырдагы сөзүнө байланыштуу маалымат жыйыны өттү.

Ага, “Азаттык” радиосунун кабарчысынын айтымында, кыргыз жана өзбек улутундагы тургундар, Ош шаарындагы Өзбек улуттук маданий борборунун кызматкерлери катышып, Бабановдун айтканын чагым деп аташты. Алар ошондой эле тийиштүү органдардан бул боюнча чара көрүүнү талап кылышты.

Бабанов кечээ Амир-Темурдун тургундары менен жолуккан.

Бүгүн интернетте анын ошол жолугушууда айткандары кыргыз-өзбек улут аралык чыңалууну пайда кылышы ыктымал деген түрдүү видеолор, комментарийлер тарап жатат.

Бабановдун шайлоо штабы бул боюнча азырынча комментарий бере элек.

Ал эми Ош шаардык ички иштер башкармалыгы “Президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун Амир-Темур (Он-Адыр) кичи районунда эл менен жолугушууда сүйлөгөн сөзүн өз алдыңарча таратуудан карманып турууну суранабыз. Сиздер улут аралык кастыкты козутууга салым кошуп калышыңыздар мүмкүн” деген билдирүү таратты.

15-октябрда Кыргызстанда президенттик шайлоо өтөт. Бул кызматка 13 талапкер расмий катталган, бирөө – Камчыбек Ташиев жарыштан чыгарын 25-сентябрда билдирген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 42 = 46

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: