Сооронбай Жээнбеков бүгүн 28-декабрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы мүчөлөрүнүн ант берүү аземине катышты. Бул туурасында президенттин расмий сайты жарыялады.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн төмөндөгү мүчөлөрү ант беришти:
-Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Шадиев Аскарбек Алимбаевич;
-Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Кенекеев Дайыр Атакулович;
-Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри Жумагулов Султанбек.
Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарына жана Өкмөт мүчөлөрүнө иштерине ийгилик каалап, келе жаткан Жаңы жылы менен куттуктады. “Жаңы жылыбыз жакшылыктардын, ийгиликтердин жана токчулуктун жылы болсун. Элибиздин жашоосу жакшы болсун. Баардыгыбыз эл үчүн иштейбиз деп убада бергенбиз. 2018-жылы убадалардын бардыгы аткарылсын”, – деп баса белгиледи Мамлекет башчысы.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ