Menu

Видео – Жанар Акаев Генпрокуратурага: Жыштыктарды сатууда премьер-министрдин аты аталгандыгы үчүн маалыматты элден жашырып жаттыңарбы?

Бөлүшүү:

Бүгүн, 26-майда депутат Жанар Акаев парламенттеги жыштык сатуудагы коррупция боюнча сүйлөгөн сөзүнө премьер-министр менен Башкы прокуратуранын кайтарган жообуна өзүнүн пикирин билдирди.

“Премьер-министр Абылгазиев Жанар Акаевдин өзүнүн абийирине койдум деп айтыптыр. Абийир тууралуу сүйлөшө турган болсок. Премьер-министр Абылгазиевдин тушунда маалыматтык коопсуздукду эске албай туруп, жалаң Казакстандык уюлдук операторлорго жыштыктыктарды ит бекер бергени – факт. Ошонун айынан азыр 5 адам түрмөдө отурганы да факт. Алар жооп берип жатышат. Ошол жооп берүү жогорку деңгээлдеги кызматтагыларга чейин жетет. Балким, азыр саясий колдоо алып алышыңар мүмкүн. Бирок, бул көпкө узабай эле, жооп берчү күн келет деп ишендиргим келет. Ошол эле убакта “КТ Мобайл” деп өзүнчө уюлдук оператор ачтырып, “Мегакомдун” бюджетинен 345 миллион сомду бөлдүрүп, бирок ошол “КТ Мобайлга” премьер-министр бажасынын баласын жетекчилик кызматка коюп, акыры ал компания дагы банкроттук абалга кептелди. Иши жүрбөй калды. Ошол үчүн дагы ким жооп берет? Ошондой жактан алганда, ким абийир жөнүндө маселе козгош керектиги айдан-ачык көрүнүп калды”  – дейт Жанар Акаев.

“Эми Башкы прокуратура “жыштыктарды мурда эле ордуна кайтарганбыз, бул жерде Жанар Акаев биздин эмгекти өзүнө менчиктеп жатат” деп жооп берип жатат. Ошону эмне үчүн мурда айтып койгон жоксуңар? Эмне үчүн ал маалыматта жышырып жаттыңар? Бул жерде дагы премьер-министрин аты аталгандан кийин күмөндүү жагдайда балким билинбей калышы мүмкүн деп, маалыматты элден жашырып жаттыңарбы? Ошондуктан, бул жыштыктарды ордуна кайтардык деп мурдараак маалыматты бериш керек эле. Эми ушунчалык оперативдүү болуп, менин сөзүмө жооп берип жатыптырсыңар. Бул жакшы. Эми дагы жооп берип койсоңор. Дача-СУ боюча иш эмне болду? Батукаевди экстрадициялоо маселеси эмне болду? Бажыдагы контрабандалык чуулгандуу иштер эмне болду? Ушул үч суроого тез арада жооп берип койсоңуздар. Анткени, менин кечээки маегиме реакция кылып жооп бердиңиздер, эми ушул суроолорго да жооп берип койсоңуздар. Элдин бардыгы ушундай чуулгандуу маселерге жоопту күтүп жатат” – деп билдирди Жанар Акаев.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 61 − 52 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: