Далай шайлоолорду баштан кечирген Икрам Илмиянов бу саам да негизги ролду ойноп, Сооронбай Жээнбековду аламан байгеде жеңишке жеткирүүгө катуу киришип, негизги уюштуруу иштерин аркалап атканы айныгыс факт.
Республиканын ар аймактарынан бийлик талапкери үчүн арбын добуш алып бере турган абройлуу адамдарды өзүнө тартып, бүгүнкү күнгө чейин тескеп келгени белгилүү эмеспи. Икрамдын анализи боюнча Соке 1-турдан эле 60 пайыздын тегерегинде уруп чыга турганы, башка талапкерлерди чаңында калтыруусу болжонуп атыптыр. Анда эле Илмияновго кайрадан бакыт кушу конуп, точно «Серый кардинал» болору шексиз.
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ