Menu

Тажикстанда кызганычтан улам күйөөсү аялын бычактады

Бөлүшүү:

Тажикстандын Хатлон облусунун тергөө органдары Хамадони районунун тургуну Арус Раззокованын өлүмүн иликтөөдө.

«Окуя 18-июнда райондун борборунда болгон. Арус Раззокова менен бир нече күн мурда Орусиядан келген күйөөсү Фаррух Халифаевдин ортосунда уруш чыгып, ал аялына 11 жолу бычак сайган», – деп билдирди тергөө органдарындагы булак.

Анын айтымында, уруш күйөөсү аялын кызганып, аны башка менен жүргөнсүң деп айыптагандан кийин чыккан.

Маалыматтарга караганда, 42 жаштагы Фаррух Халифаев окуя болгондон кийин дароо эле милиция кызматкерлерине өзү барган. Акыркы кездери ал Орусияда иштеп жүргөн, төрт баласы бар.

Фаррух Халифаевге каршы адам өлтүрүү беренеси менен кылмыш иши козголду. Ал сегиз жылдан он беш жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Июндун башында Душанбеде 33 жаштагы Мохира Ятимова мурдагы күйөөсү Бобожон Ширинов тарабынан өлтүрүлгөн. Анда да алардын ортосунда уруш чыгып, Ширинов мурдагы аялына 11 жолу бычак сайып качып кеткен.

Источник: “Служба новостей Центральной Азии”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: