Быйылкы 2019-2020-окуу жылында “Алтын тамга” мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестациясына, башкача айтканда, ѳзгѳчѳ үлгүдѳгү аттестат алууга талапкерлердин саны 1 420 окуучуну түздү. Бул тууралуу бүгүн, 26-майда Билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова Өкмөт үйүндө маалымат жыйында билдирди.
“Алтын тамга” мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестациясына катышуу милдеттүү эмес, ар бир талапкер ѳз ыктыяры менен катышат”, – деп билдирди Жусупбекова.
Анын айтымында, өткѳн окуу жылында алгачкы талапкерлердин саны – 1 098, баалоого катышкандардын саны – 1 051, ѳзгѳчѳ үлгүдѳгү аттестат алууга укуктуу экенин тастыктагандардын саны – 182 окуучуну түзгөн.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ