Menu

АКШ вице-премьери Пхеньянга олуттуу санкция салынарын жарыялады

Бөлүшүү:

АКШ вице-президенти Майк Пенс жакын арада Түштүк Кореяга “эң олуттуу жана агрессивдүү” экономикалык санкцияларды жарыялай турганын билдирди.

Пенс 9-февралда Пхёнчхандагы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземинде америкалык делегацияны жетектейт. Бул билдирүүнү ал Жапония премьер-министри Синдзо Абэ менен жолугушуу учурунда айтты.

«Кошмо Штаттар Түндүк Кореяга каршы эн олуттуу жана агрессивдүү экономикалык санкцияларды жарыялайт. Түндүк Корея өзөктүк жана ракеталык программаларын биротоло токтотконго чейин аны обочолонтууну улантабыз», – деди Пенс.

АКШнын расмий өкүлдөрү Олимп оюндары бүткөнгө чейин жаңы санкциялар салынарын айтышууда. Пенс 8-февралда Түштүк Кореянын президенти Чжэ Ин менен жолуккан. Америкалык аткаминер Олимпиада учурунда Түндүк Кореянын расмий өкүлдөрү менен жолуу ыктымалын четке каккан жок. АКШ вице-президенти негизги чакырык –Пхеньянды өзөктүк жана ракеталык программаларынан баш тартууга үндө болорун баса белгиледи.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 36 = 44

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: