Menu

Индира Жолдубаева өз арызы менен кетеби?

Бөлүшүү:

«Башкы прокуратура коррупцияга каршы күрөштө улуттук координатор болуп саналат, бирок азыркы учурда бул милдетин натыйжалуу аткара албай жатат» – деп билдирди кечээ мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынында. “Коррупцияны алдын алуу маселесинде дале болсо бирдиктүү аракет болбой, ички карама-каршылыктар, мамлекеттик эмес, ведомстволук гана кызыкчылыктар корголууда. Мыйзамсыз жана негизсиз текшерүүлөр көп” деди президент. Мамлекет башчы ошондой эле “2016-жылы прокуратура 8877 текшерүү жүргүзүп, анын 8% боюнча гана кылмыш иш козголгон. Козголгон иштердин 50% гана сотко өткөн. Жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн болгону 1,6% боюнча гана сот тарабынан айыптоо өкүмү чыккан, анын ичинен 8 эле иш боюнча айыпталуучу эркинен ажыратылган” деген статистиканы келтирди. Коопсуздук кеңешинин кечээги жыйы­нында сот, прокуратура, күч жана кооп­суздук органдарынын иши каралды. Президенттин бул билдирүүсүнөн кийин, Индира Жолдубаеванын мындан аркы кадамдары кандай болоору белгисиз. Балким, өз арызы менен кетиши да мүмкүн.

Булак: Ачык саясат 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 34 + = 40

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: