Ашхабаддагы V Азия оюндарына катышуу үчүн жол алган жүздөн ашуун индиялык спортчу Дели эл аралык аэропортунан өткөрүлгөн жок. Маалыматтарга караганда, алар мелдешке катышуу үчүн Индиянын Спорт министрлигинен атайын уруксат алышкан эмес.
Аэропорттон өткөрүлбөгөн спортчулар күрөш, самбо, жиу-житсу, спорттук бийлер, салттуу күрөш, бел күрөш боюнча мелдешке катышышмак. Спорттук оюндардын бул түрлөрү Индия Олимпиада Ассоциациясы тарабынан таанылган эмес.
Бейшембиде спортчуларга уруксат берүү боюнча процедуралар башталганы кабарланды. Бирок индиялык оюнчулар мелдештерге үлгүрөр-үлгүрбөсү белгисиз. Себеби уруксат берүү иштери бир нече күнгө созулушу ыктымал.
Уюштуруучулар Азия оюндарына 6000дей оюнчу катышары күтүлүп жатканын кабарлашкан. Ар кыл эсеп боюнча түркмөн бийлиги бул оюндар үчүн 10дон 15 миллиардга чейин АКШ долларын жумшаган.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ