Жалал-Абад шаарындагы мындай окуя баланын атасынын диний ишениминен улам келип чыккан. А.Т.нын үй-бүлөсү облустук шаарга башка шаардан көчүп келишкен экен.
Мектеп мугалимдери, облустук билим берүү адистери атайын үй-бүлөнүн үйүнө барып, атасы менен сүйлөшүүгө аракет кылып көрүшкөн, бирок ал балдардын мектепте окуганы боюнча өзүнүн көз карашын айта баштаган. Бала алигүнчө мектепке бара элек.
Дин өкүлдөрү айткандай, ал киши азыр 4 айлык “дааватка” чыгып кеткен. Кайтып келгенде гана түшүндүрүү чарасын көрүшөрүн айтышкан. Ал киши “Йакын Инкар” диний агымынын мүчөсү экени айтылууда.
Адистер баланын атасы менен бир нече ирет сүйлөшүшкөнүн, балага билим керек экендигин түшүндүрүшкөнүн, атасы ал жүйөөлөргө макул болуп коюп, бирок баланы мектепке жибербей жатышканын айтышууда. Эми атасы “дааваттан” кайтып келгенде, бийлик өкүлдөрү да, казыяттан дагы сүйлөшө тургандыгын белгилешүүдө.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ