Menu

Түркмөнстан килем майрамын белгилеп, велосипед күнүнө даярданууда

Бөлүшүү:

Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухамедов Түркмөн килеми күнү, Балдарды коргоонун эл аралык күнү жана Велосипед күнүнө байланыштуу калкка кайрылуу жасап, мекендештерине ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт жана ийгилик каалады.

Түркмөн килеми күнү 1992-жылдан бери 31-майда мамлекеттик майрам катары белгиленип, килем жарманкеси жана концерттик иш-чаралар менен коштолот.

Журналисттер өлкөдө экономикалык каатчылык күч алып, жумушсуздук, азык-түлүк тартыштыгы өкүм сүрүп жатканын билдирүүдө.

Ушул тапта өлкөнүн эки ири аймагы апрелдин аягында болгон катуу бороондун кесепетин тартууда. Көптөгөн үй-бүлө турак жайсыз калды, курмандыктар да бар экени айтылууда. Түркмөн бийлиги жана мамлекеттик ЖМКлар бул боюнча үн ката элек.

COVID-19 пандемиясына байланыштуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму социалдык аралыкты сактоо зарылдыгын белгилегенине карабай, 7-апрелде Түркмөнстанда Ден соолук күнүнө карата жүрүш өтүп, ага жети миң киши катышкан.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 13 + = 16

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: