Бүгүн, 18-апрель күнү Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөттүк онлайн-брифингде №17 үй-бүлөлүк медицина борборунун дарыгерлери обсервацияга жаткырардын алдында эмне себептен 17 сааттан ашык убакыт күтүп турушканына түшүндүрмө берди.
“Үй-бүлөлүк медицина борборунун кызматкерлери обсерваторлорго жаткандан баш тартышып, андан жакшыраак шарттарды каалашты. Аларды мейманканага жаткыруу маселеси чечилип жатты” – деп билдирди Нурболот Үсөнбаев.
Министрдин орун басарынын айтымы боюнча, учурда алар дарыгерлердин көзөмөлүндө.
“Эпидемиологиялык изилдөө жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы боюнча иш-чаралар планы көрсөтүлөт. Бул маселе көзөмөлдө”, – деди Нурболот Үсөнбаев.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ