Menu

Алмамбет Шыкмаматов, “Ата Мекен” фракциясынын лидери: “Текебаев айт дегенде буйт болбой турган саясатчы…”

Бөлүшүү:

Жогорку сот Өмүрбек Текебаевдин ишин карап, мурдагы өкүмдү күчүндө калтырып койгону боюнча “Ата Мекен” фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматовду кепке тарттык.

– Алмамбет мырза, эмне үчүн Өмүрбек Текебаев менен Чотоновдун ишиндеги жаңы жагдайларды эске албай, Жогорку сот баштагы соттун чечимин күчүндө калтырып койду?

– Өмүрбек Чиркешовичтин адвокаттары азыр башкы прокурорго жаңы ачылган беш жагдай боюнча ишти кайра кароо өтүнүчү менен кайрылышты. Башкы прокуратура ал арызды кабыл алганына 20 күндөй болду. Биз 20-майга чейин Баш прокурордон мыйзамга ылайык жоопту алабыз деп үмүттөнүп жатабыз. Баш прокурор мыйзамдардын негизинде Өмүрбек Чиркешовичтин ишинде жаңы беш жагдай бар деп, кайра ишти Жогорку сотко жөнөтөт деп үмүт артып турабыз. Анткени мыйзамдын талабы ошондой. Өмүрбек Чиркешовичтин ишинде тангыс 5 жагдай бар. Ошолордун негизинде Өмүрбек Текебаев менен Чотоновдун актыгы далилденет.

– Неге саясий куугунтуктун негизинде камалды дегендерге бийлик алмашканы менен адилет чечим чыкпай жатат?

– Анткени Текебаев оңой-олтоң саясатчы эмес. Ал айт дегенде буйт болбой турган саясатчы. Ошон үчүн ушундай тоскоолдуктарга учурап, айрым жерде мыйзамдар эске алынбай жатат.

Булак: «Фабула»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 83 − 80 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: